Эртең, 30-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +10...+15, күндүз +19...+24;
Таласта түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26;
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +7...+12, күндүз +18...+23;
Нарын жергесинде түнкүсүн +6...+11; күндүз +17...+22;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +13...+15, күндүз +22...+24 градус жылуу болот.