11:19
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Ulaan-Baatar Open −2025»: Асан Жанышов Эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан «Ulaan-Baatar Open» Эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Кыргызстандык спортчу 87 кг чейинки салмак категориясында катышты. Биринчи айлампада монголиялык балбанды 8:0 эсебинде, экинчи айлампада индиялык балбанды 9:0 эсебинде жеңген.

Чечүүчү беттеште түркиялык балбанды жеңип Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Эске салсак, Асан Жанышов Өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону, жаштар арасында Азиянын 2 жолку чемпиону жана жаштар (U-20) арасында Дүйнө чемпиону аталган.

Эң көп окулган жаңылыктар