Ош облусунун Араван айылындагы аянтты 616 чарчы метр жер тилкеси менен тиричилик үйү мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2011-жылдын 18-майында Мамлекеттик мүлк фонду менен «Юлдуз» муниципалдык ишканасынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы № 421 токтомун бузуу менен (Социалдык инфраструктура объектилери менчиктештирүүгө жатпайт) сатып алуу-сатуу келишими мыйзамсыз түзүлгөндүгү аныкталып, ага ылайык тиричилик үйү жеке колго сатылып кеткен.