279 миллион 319 миң сомдук бала бакчанын имараты Бишкек шаардык мэриясынын балансына кайтарылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Бала бакча Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун балансында болуп, 3 миллион сом жергиликтүү шаардык бюджетке кайтарылган.
280 орундуу бала бакчанын жанындагы 0,99 гектар жер тилкеси Башкы прокуратуранын жардамы менен кайтарылды.
Мындан тышкары, муниципалитеттин балансына бейтаптарды ташуу жана реанимация иштерин жүргүзүү үчүн арналган үч тез жардам унаасыда бекер өткөрүлдү.