Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери Биринчи май районунун аймагындагы мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо боюнча кезектеги рейд өткөрүштү.
Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын нугун тазалоодо төмөндөгүлөр демонтаждалган:
«Ретро Метро» түнкү клубунун имаратынын бир бөлүгү — 400 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду;
7 күн мейманканасынын узундугу 60,6 метр болгон тосмосу;
Малдыбаев көчөсүндөгү 15 павильон.
Мындан тышкары, Улуттук госпиталдын жанаша жайгашкан аймагындагы кафе жана дарыкана бузулду (323 чарчы метр бошотулду), Бөкөнбаев көчөсүндө үч павильон бузулду.
Ошондой эле, райондук администрация менен биргеликте «Бугу эне багыш» турак жай комплексиндеги жалпы пайдалануудагы жерлерге курулган 65 убактылуу курулуштар жоюлду. Мындан тышкары , Республиканская көчөсүн реконструкциялоого жолтоо болгон 35 тосмолор демонтаждалган. Иш No14 МТУ менен биргеликте жүргүзүлдү.
Бул иш-чаралар 2025-жылдын 14-январындагы No5-р муниципалдык буйругунун алкагында жүргүзүлдү.