10:47
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Касым-Жомарт Токаев БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоого чакырды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоого жана анын өкүлчүлүгүн көбүрөөк өлкөлөргө берүүгө чакырды. Анткени бүткүл дүйнө үчүн маанилүү чечимдерди бир нече мамлекет кабыл ала албайт. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-майда Астанадагы эл аралык форумунда сүйлөп жатып билдирди.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды
Казакстан Республикасынын башчысынын айтымында, миллиарддаган адамдарга тиешелүү олуттуу чечимдерди бир нече өлкө кабыл албашы керек.

«Ошондуктан Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин, анын ичинде кеңири аймактык өкүлчүлүктүн кеңейүүсүн колдойт. Коопсуздук кеңешинин структуралык реформасы БУУнун актуалдуулугун сактап, реалдуу дүйнөнү чагылдырышы үчүн зарыл», — деди ал.

Касым-Жомарт Токаев быйыл БУУ 80 жылдыгын белгилеп жатканын эске салды.

«1945-жылы кыйраткыч дүйнөлүк согуштан кийин 51 мамлекет тарабынан негизделген БУУ тынчтык жана коопсуз дүйнө тууралуу тайманбастык менен көз карашын сунуш кылды. Бүгүнкү күндө уюмга 193 мамлекет мүчө, алар ар түрдүү, татаал жана бири-бири менен байланышкан дүйнөлүк коомчулукту билдирет. Бирок БУУнун негизги түзүмдөрү, өзгөчө Коопсуздук Кеңеши убакыттын өтүшү менен дээрлик өзгөрүүсүз калды», — деди ал. Казак президентинин айтымында, «80 жыл мурун түзүлгөн институттук түзүм менен заманбап реалдуулуктардын ортосундагы ажырым БУУнун ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун төмөндөтөт».

Эң көп окулган жаңылыктар