Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) Кыргызстан менен Тажикстандын жаш шахматчыларын бириктирген ChessArena.com эл аралык платформасында шахмат боюнча «Достук кубогу» онлайн турнири өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Турнирге 16 жашка чейинки 139 бала катышты. Катышуучулар беш жаш категориясы боюнча ат салышты: 8 жашка чейинки, 10, 12, 14 жана 16 жашка чейинкилер, мында 15 жеңүүчү аныкталды — Кыргызстандан 9 жана Тажикстандан 6 орунга ээ болду.
Турнир Эл аралык шахмат федерациясы (FIDE) тарабынан расмий таанылган ChessArena.com платформасында швейцариялык система форматында өттү.
Мелдеш ChessArena, DiGi IT компаниясы, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын шахмат федерацияларынын колдоосу менен өткөрүлдү.