Эртең, 29-майда өлкөнүн дээрлик көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30;
Талас аймагында түнкүсүн +6...+11, күндүз +22...+27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30;
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +8...+11, күндүз +18...+23;
Нарын жергесинде түнкүсүн +4...+9; күндүз +18...+23;
Ал эми борбор калаа Бишкекте жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11...+13, күндүз +27...+29 градус жылуу болот.