20:55
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Трамп — Путин — мен. Зеленский үч тараптуу жолугушуу өткөрүүнү сунуштады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия жана АКШ лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамптын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүүнү сунуштаганын Франс Пресс агенттиги жазды.

Иллюстративдик
Фото Иллюстративдик

«Эгер Путин эки тараптуу жолугушууга канааттанбаса же бардыгы үч тараптуу болуусун кааласа, мен эч кандай каршылыгым жок. Мен бардык форматка даярмын», — деген ал «Трамп — Путин — мен» форматындагы жолугушууга даяр экенин кошумчалады.

Владимир Зеленскийдин айтымында, бардык тараптарга мындай даярдык тууралуу маалымат берилген.

«Биз «Трамп — Путин — мен» форматына даярбыз, «Трамп — Путин», «Трамп — Зеленский» форматтарына, анан үчөөбүзгө даярбыз. Мен бир эле убакта айтып жатам, бул чачыранды жолугушуулар эмес», — деп түшүндүрдү ал.

Демилгечинин айтымында, бардык тараптар кааласа, саммиттин жолугушуусу алдын ала даярдыксыз өтүшү мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар