19:35
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ош шаарында эл аралык «Жашыл аалам» поэзия фестивалы башталат. Программа

28-30-май күндөрү Ош шаарында кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн акындарынын «Жашыл аалам» фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.

Маалыматта ылайык, фестивалга Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн жаш акындар катышат.

Иш-чара түрк дүйнөсүнүн элдеринин ортосундагы маданий жана адабий байланыштарды бекемдөө, жаш акындарды колдоо, түрк дүйнөсүнүн поэтикалык мурасын жайылтуу, чыгармачылык диалогду куруу максатында уюштурулууда.

Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы «Жолон Мамытов» атындагы аллеяга акындын эстелиги ачылып, поэзия кечелери өткөрүлөт.

Фестиваль Түрксой эл аралык уюму, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Ош Мамлекеттик Университети, Ош шаардык мэриясы, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Жазуучулар союзу, Түрк дүйнөсү жазуучулар бирлиги жана Евразия жазуучулар союзу тарабынан уюштуруулуда.

Фестивалдын 1-күнү:

Фестивалдын 1-күнү «Жолон Мамытов» аллеясында Жолон Мамытовдун

эстелигин ачуу аземи жана гүл коюу иш-чарасы менен башталат. Андан соң

ОшМУнун башкы имаратында расмий ачылышы өтүп, илимий публицистикалык докладдар окулат. Акындын бейнесин чагылдырган сүрөт көргөзмөлөрү көрсөтүлөт.

Кеченин алкагында коноктор ОшМУнун педагогика, искусство жана

журналистика интитуту, «Ак-Буура» кампусу менен таанышып, ОшМУнун

«Congress Resort OshSU» комплексинде өтүүчү поэзия кечесине катышат.

Фестивалдын 2-күнү:

29-май иш-чаранын 2-күнүндө Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм

сүрөт музейи, «Алымбек датка» этнографиялык борбору, «Сулайман-Тоо»

улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, Сулайман-Тоодогу Үңкүр

музейине саякат уюштурулат.

Фестивалдын жабылуу аземи С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма

театрында өтөт. Маданий программа тартууланып, сыйлоо аземи менен

жыйынтыкталат.

Фестивалдын 3-күнү:

30-май күнү коноктор үчүн Кара-Кой эс алуу комплексине саякат

уюштурулат.

Эң көп окулган жаңылыктар