19:21
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бүгүн ЖККУнун Коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

Бүгүн, 28-майда Бишкек шаарына Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетовдун төрагалыгы алдында өтө турган жыйынга катышуу үчүн Казакстан, Россия, Беларусь жана Тажикстандын делегацияларынын өкүлдөрү келишти.

Анын жүрүшүндө катышуучулар ЖККУнун жамааттык коопсуздук региондорундагы аскердик коопсуздуктун чакырыктарын жана коркунучтарын ошондой эле аскердик жааттагы өнүгүү маселелерин талкуулашат.

Андан тышкары отурумдун жүрүшүндө ЖККУнун коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар