04:44
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

28-майга карата аба ырайы

Эртең, 28-майда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25;

Талас аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +16...+21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +22...+27;

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23;

Нарын жергесинде түнкүсүн +5...+10; күндүз +15...+20;

Ал эми борбор калаа Бишкекте жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +21...+23 градус жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар