Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагындагы 990 гектар жерди мамлекеттик кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Сокулук районунун акиминин мурдагы орун басары Р.И.А., «өкүл баласы» болуп саналган «Нива» айыл чарба кооперативинин төрагасы А.М.Д. менен сүйлөшүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын балансында турган 990 га аянттагы жер тилкелерин мыйзамсыз пайдаланган.
Аудитордук текшерүүгө ылайык, аталган жер участокторун мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 2000-жылдан азыркы мезгилге чейин 74 млн.сомдон ашкан.
"Учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.