Ысык-Көл облусунун Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Б.А.Н. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Б.А.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу коркутуп, жабырлануучудан опузалап акча талап кылган.
Белгиленгендей, жогоруда аталган кызматкер буга чейин «МБанк» мобилдик банк тиркемеси аркылуу жабырлануучудан 13 миң сом алганы аныкталган.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен кармалган жаран Каракол шаарындагы № 23 тергөө абагына киргизилди.