11:54
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Камчыбек Ташиев: Чечме булагы толугу менен Кыргызстанга өттү

26-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында болуп, жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо иштеринин жүрүшү жана стратегиялык маанидеги сурьма комбинатынын ишин жандантуу тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, быйыл Айдаркенде сурьма комбинатын калыбына келтирүү иштери этап-этабы менен башталган.

«Чечме булагы эми талаштуу эмес жана ал толугу менен Кыргызстандын балансына жазылды, бул маселеге чекит койдук. Бирок, булактын суусун Өзбекстан тарап менен буга чейинкидей эле, ортодо пайдаланабыз. Коңшуларыбыз дагы, биз дагы ал суудан пайдаланабыз, бул боюнча мамлекеттик деңгээлде келишилди», — деди ал.

Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча комиссиялардын ишине токтолуп, алмашылган жер тилкелери жөнүндө так маалымат берди.

Жашоочулар тарабынан берилген суроолорго жооп узатылып, көтөрүлгөн маселелер алдыда чечилери айтылды.

"Жергиликтүүлөр президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге чек ара маселесин чечип, өлкөгө туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганын белгилеп, ыраазычылык билдиришти",-деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар