23:41
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Улуттук банк 59,8 миллион долларлык валюталык интервенция жасады

Бир күн мурун, 26-майда Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 59,8 миллион долларды саткан. Бул тууралуу регулятордун расмий сайтында айтылат.

Бүтүм боюнча эсептешүүлөр ал түзүлгөн күндөн башка датада жүргүзүлгөнү көрсөтүлгөн.

Бул Улуттук банктын жыл башынан берки үчүнчү интервенциясы. 2025-жылы валюта сатуунун жалпы көлөмү 297,1 миллион долларга жеткен.

Эске сала кетсек, 2024-жылы Улуттук банк валюта рыногунда 26 операция жүргүзгөн. Алардын 13ү валюта сатып алууга жумшалып, 369,35 миллион доллар рыноктон чыгарылды. Дагы 13 транзакция сатууну камтыган, алардын жалпы суммасы 675,65 миллион долларды түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар