11:29
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 27-майда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Ахунбаев — Тыналиев — Курчатов — Минжилкиев көчөлөрү чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Суу объектилерди өрт өчүрүү үчүн зарыл болгон шаймандарга туташтыруу иштерине байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, калкты алдын ала ичүүчү суу менен камсызданып алууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар