20:58
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Айыл чарба министрлиги органикалык жер семирткичтерге өтүүнү пландап жатат

Кыргызстан органикалык жер семирткичтерге толугу менен өтөт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда биздин өлкө минералдык жер семирткичтерге дээрлик толугу менен көз каранды.

Белгиленгендей, артыкчылыктуу багыт — минералдык жер семирткичтерди колдонууну көбөйтүү эмес, органикалык айыл чарбасына өтүү болуп эсептелет.

Органикалык жер семирткичтер айлана-чөйрө үчүн коопсуз жана зыянсыз болуп эсептелет, ошол эле учурда топурактын түшүмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө, продукциянын сапатын жогорулатууга жана калктын ден соолугуна оң таасир тийгизет.

Бул өзгөчө маанилүү, анткени Кыргызстандын калкынын олуттуу бөлүгү айыл чарбасынан киреше табат. Алдыдагы жылдары министрлик минералдык жер семирткичтердин импортунун көөлөмүн акырындык менен кыскартып, органикалык жер семирткичтерди жергиликтүү деңгээлде өндүрүүнү өнүктүрүүнү жана дыйкандарды экологиялык жактан таза дыйканчылыкка өтүүгө үндөөнү көздөөдө.

"Биздин максат — болгону импортту азайтуу эмес, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган жана экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтүүчү экологиялык жактан таза, туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү",-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, мындай кадам айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган стратегиянын алкагында ишке ашырылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар