23:55
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт

26-27-май күндөрү шаардын бир бөлүгүндө жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүү төмөнкү басымдагы газ түтүгүндөгү иштерге байланыштуу:

Достоевский, Сары Өзөн, Кара Жыгач, Анкара көчөлөрү менен чектелген аймактарда көгүлтүр отун өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жаратылыш газын өчүрүү учурунда абоненттерди альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат. Иштер газды ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар