01:08
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

24-майга карата аба ырайы

Эртең, 24-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29;

Талас жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +26...+31;

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24;

Нарын дубанында түнкүсүн +5...+10; күндүз +21...+26 градуска чейин жетет;

Бишкекте түнкүсүн +14...+16, күндүз +26...+28 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар