Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы «Социал-демократтар» саясий партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаевдин Кыргызстандан чыгуусуна тыюу салуу боюнча комментарий берди.
Бишкек ШИИБ Кадырбек Атамбаевге жана партиянын башка өкүлдөрүнө карата тергөө учурунда алардын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн белгиледи. Бул чаранын алкагында Кадырбек Атамбаевге карата мамлекеттик чек арадан өтүүгө чектөө киргизилген.
«Белгилей кетсек, аталган чектөө алынып салынган эмес жана жаран К.А.нын жактоочусунун «Чектөөнү алып салуу боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына кайрылуу түшкөн эмес», — деп айтылат билдирүүдө.