21:21
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Быйыл Кыргызстанда мектептерди канча окуучу аяктап жатат?

Быйыл Кыргызстандагы мектептерди 80 миң 540 окуучу аяктап жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жылы 11-классты жалпы 80 миң 540 окуучу бүтүрүүдө. Анын ичинен 2 миң 489 окуучунун «кызыл аттестат» алуусу күтүлүп жатат.

Ал эми 9-классты 134 миң 681 окуучу аяктап жатат, анын ичинен 5 миң 756 окуучу артыкчылык күбөлүгүнө талапкер болууда.

Аймактарда мектептерди канча бүтүрүүчү аяктап жатат?

Бишкек шаары:

9-класс: 24 585 (кызыл күбөлүк алгандар — 839)

11-класс: 14 116 (кызыл күбөлүк алгандар — 586)

Ош шаары:

9-класс: 8 647 (кызыл күбөлүк алгандар — 310)

11-класс: 3 489 (кызыл күбөлүк алгандар — 183)

Талас облусу:

9-класс: 5 506 (кызыл күбөлүк алгандар — 161)

11-класс: 3 279 (кызыл күбөлүк алгандар — 68)

Жалал-Абад облусу:

9-класс: 24 725 (кызыл күбөлүк алгандар — 1 662)

11-класс: 12 548 (кызыл күбөлүк алгандар — 387)

Нарын облусу:

9-класс: 5 696 (кызыл күбөлүк алгандар — 368)

11-класс: 4 128 (кызыл күбөлүк алгандар — 236)

Ош облусу:

9-класс: 26 707 (кызыл күбөлүк алгандар — 1 097)

11-класс: 18 247 (кызыл күбөлүк алгандар — 416)

Баткен облусу:

9-класс: 10 726 (кызыл күбөлүк алгандар — 429)

11-класс: 6 440 (кызыл күбөлүк алгандар — 239)

Ысык-Көл облусу:

9-класс: 9 696 (кызыл күбөлүк алгандар — 356)

11-класс: 6 493 (кызыл күбөлүк алгандар — 184)

Чүй облусу:

9-класс: 18 393 (кызыл күбөлүк алгандар — 534)

11-класс: 11 800 (кызыл күбөлүк алгандар — 190)

Эң көп окулган жаңылыктар