19:26
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Камила Талиева президенттин аймактардагы өкүлү кызматын жоюуну талап кылды

Жогорку Кеңештин «Ата -Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Камила Талиева президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматын жоюуну талап кылды.

Эл өкүлдөрү административдик-аймактык реформаны ишке ашыруунун жыйынтыгы тууралуу маалымат угуп жатышат.

«Аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөр качан жоюлат? ААРнын экинчи этабындабы? Бул дагы реформа. Бизде бири-бирин кайталаган органдар көп. Бүгүнкү күндө губернаторлордун кереги жок. Райондун акимдери жетиштүү. Алар бири-биринин функцияларын кайталап жатышат», — деди Камила Талиева.

Жыйынга чакырылган жетекчилер суроого жооп беришкен жок.

Эске сала кетсек, 2022-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алтынбек Сулайманов да президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын жоюуну суранган. Ал райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары министрлер кабинети менен түз, ортомчуларсыз иштешип, бардык курч көйгөйлөрдү тез арада чечүү керектигин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар