2025-жылдын 22-майына карата Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти (ӨХККД) республика боюнча жалпы 79 614 гектар аянтта чегирткелерди аныктоо максатында изилдөө иштерин жүргүздү.
Анын ичинен 60 066 гектар жерде зыяндуу чегирткелер табылып, учурда алардын 77 пайызы (46 376 га) атайын техникалар жана жеңил авиациянын жардамы менен химиялык жол менен иштетилди.
Аймактар боюнча:
-Жалал-Абад облусунда 29 910 гектар жер чегирткелерге чалдыкканы аныкталып, анын 93% иштетилди.
-Ош облусунда 8 450 гектар жер жабыркап, 6 100 гектары (72%) дарыланды.
-Баткен облусунда 14 750 гектар жерде чегирткелер табылып, анын 57%ына (8 500 га) химиялык иштетүү жасалды.
-Чүй облусунда 2 856 гектар жерден чегиртке чыккан, 2 036 гектары (71%) иштетилген.
-Талас облусунда 4 100 гектардан чегиртке табылып, 1 830 гектарында (44%) иш жүргүзүлгөн.
Химиялык дарылоодо «Дельта эксперт», «Хлорсан» жана «Талстарт» препараттары колдонулууда. Учурда бардык иштер ыкчам жүргүзүлүп, кырдаал министрлик тарабынан толук көзөмөлдө турат.