Борбор калаанын мэриясы сиздерди Балдарды коргоо күнүн чогуу майрамдоого чакырат.
1-июнь майрамынын алкагында Ала-Тоо аянтында саат 10:00дөн 22:00гө чейин оюн-зоок иш-чаралары пландалууда.
Төмөнкү интерактивдүү иш-чаралар уюштурулат:
— бетти боёо зонасы;
— фото зонасы — жаркыраган декорациялар жана реалдуу өлчөмдөгү куурчактар;
— пластилинди моделдөө жана чийүү боюнча мастер-класс;
— кызыктуу сынактар, флешмобдор;
— самын көбүгү шоу;
— спорттук оюндар;
— иш-чаранын расмий өнөктөштөрүнөн бонустар (белектер).
Кошумчалай кетсек, 30-майдан 8-июнга чейин шаарда 10 өлкөнүн, ошондой эле республикабыздын бардык аймактарынан келген балдардын катышуусунда бешинчи эл аралык «Наристе» балдар фольклор фестивалы өтөт.Фестивалдын алкагында аянтта чет элдик катышуучулардын спектаклдери да коюлуп, саат 19:00дө майрамдык дискотека уюштурулат.