05:16
USD 87.45
EUR 98.83
RUB 1.10

23-майга карата аба ырайы

Эртең, 23-майда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +17...+22, күндүз +22...+27;

Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +21...+26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +29...+34;

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +20 ...+25;

Нарын дубанында түнкүсүн +6... +11; күндүз +22...+27 градуска чейин жетет.

Бишкекте түнкүсүн да, күндүз да жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18... +20, күндүз +24...+26 градус ысыйт.

Эң көп окулган жаңылыктар