05:25
USD 87.45
EUR 98.83
RUB 1.10

Агартуу министрлиги тактады: Бишкек мектептеринде азырынча кошумча орундар жок

Бишкекте 1-2-класстын окуучулары үчүн кошумча орундар No29 мектепте гана ачылып, текшерүүнүн жыйынтыгында бошотулду. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, башка мектептер боюнча Бишкек шаардык мэриясы жана Билим берүү департаменти тарабынан кошумча квоталар жана так мөөнөттөр тууралуу маалыматтар такталып жатат.

"Жарандардан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын расмий булактарындагы кошумча маалыматка көз салып турууну жана анык маалыматты гана эске алууну суранабыз«,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 23-майда бир катар борбор калаа мектептеринде биринчи жана экинчи класстарга кабыл алуу үчүн кошумча квота пайда болот деген маалымат чыккан. Агартуу министрлиги бул маалыматтарды «чакырып алды» жана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

Эскерте кетсек, мектептерде 1-июнга чейин жашаган жери боюнча каттоонун негизинде биринчи жана экинчи класстарга электрондук каттоо кабыл алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар