05:19
USD 87.45
EUR 98.83
RUB 1.10

Кыргызстанда кызамык жана кызылчага каршы эмдөөгө улуттук баа берүү жүргүзүлүүдө

Кыргызстанда 2023—2025-жылдар аралыгында өткөрүлгөн кызамык жана кызылчага каршы эмдөөнүн камтылышына улуттук баа берүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Баалоо Республикалык иммунопрофилактика борбору менен биргеликте Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) колдоосу менен жүргүзүүдө.

Анын жүрүшү 2016-жылдын ноябрынан 2024-жылдын январь айына чейин туулган, эмдөөгө тийиштүү болгон балдардын чыныгы эмделүү деңгээлин аныктоо, эмдөөдөн баш тартуу себептерин жана жеткиликтүүлүк тоскоолдуктарын билүү, ошондой эле келечектеги иммунизация иш-чараларын пландоого далилдүү негиз түзүү болуп саналат.

«2023-жылдын октябрынан 2025-жылдын 31-мартына чейинки мезгилде эмдөө боюнча масштабдуу кампаниялар бир нече этапта өткөрүлүп, өлкө боюнча болжол менен 900 миң бала камтылган. Жалпы камтуу деңгээли 83% түзгөнүнө карабастан, бул иш-чаралардын натыйжалуулугун көзкарандысыз баалоо жана эмдөөгө жетпей калган калк катмарларын аныктоо зарылдыгы бар», — деп айтылат маалыматта.

Изилдөөнүн талаа баскычы 2025-жылдын 27-майдан 31-майга чейин өтөт. Ал 7 облустагы 30 районду жана Бишкек, Ош шаарларын камтыйт. Маалыматтарды чогултууга Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун атайын даярдыктан өткөн 120 ыктыярчысы тартылат. Сурамжылоодо электрондук планшеттер жана стандартташтырылган анкета колдонулуп, бул маалыматтарды так жана ыкчам жыйноого мүмкүндүк берет.

Баалоону жүргүзүүгө ДССУнун Европа аймактык бюросунун консультанты тартылып, ал кызамык жана кызылчага каршы иммунизациядан кийинки камтууну баалоо боюнча даярдык иштерин өткөргөн.

Баалоонун жыйынтыгында кеңири отчет даярдалып, ал Саламаттык сактоо министрлигине, Республикалык иммунопрофилактика борборуна жана эл аралык өнөктөштөргө сунушталат.

Аталган маалыматтар алыскы жана жетүү кыйын аймактардагы эмдөө стратегияларын өркүндөтүүгө, ошондой эле өлкөдөгү жугуштуу ооруларга каршы эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүүгө негиз болот деп күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар