Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас шаарында асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдорун куруу үчүн капсула салуу аземине катышты.
«Бул кадам — Кыргыз Республикасынын экономикасын жана өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык маанидеги иш-аракет. Акыркы 4 жылда мамлекеттин экономикасы 9-10%дык өсүштөгү темп менен алдыга бара жатат. Жыл сайын жүздөгөн ишканалар, заводдор, фабрикалар, соода логистикалык борборлор ачылууда. Бул заводдор жаңы технологияларга негизделип иштей турган, көптөгөн адамдарга жумуш орундарын түзгөн, аймактын экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошкон ишканалар болот деп үмүт артабыз», — деген Касымалиев заводдор аймактын курулуш тармагына маанилүү жардам болорун кошумчалады.
Жаңы заводдор Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Кара-Дөбө участкасында курулат. Алардын өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 120 тоннага чейин болот. Анда 60 жумуш ордун түзүү каралган. Долбоордун жалпы наркы 84,3 млн сомду түзүп, каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.
Бардык иштер 2025-жылдын сентябрында аяктайт деп болжолдонууда.