23:27
USD 87.45
EUR 99.02
RUB 1.08

Жогорку Кеңештин төрагасы эне тилге астейдил мамиле кылууга чакырды

Бүгүн мамлекеттик тилди колдонуу боюнча мыйзам долбоорлорун талкуулоодо Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул маселеге астейдил мамиле кылууга чакырды.

«Башка улуттар бар, биз көп улуттуубуз деп жүрүп, мамлекеттик тилибиздин азыркы абалын көрүп жатасыңар. Кейиштүү абалда. Биз башкаларга жакшы көрүнөбүз деп популист болуп, убактылуу упай топтойбуз деп жүрүп, мына ушуга келдик. Кыргыз мамлекетинде жашап, иштеп жатабы, кыргыз тилин билсин, кыргыз тилин сүйлөсүн. Бул жерде эч кандай кошоматчылыктын кажети жок. Андыктан, сунушталган мыйзам долбоорун толугу менен колдошубуз керек», — деди Төрага.

Ошондой эле айрым мамлекеттер өз тилин колдоп, бала бакчадагы балдардан да талап кылып жатышканын мисал кылган Нурланбек Тургунбек уулу: «Тилди жоготсок улут жоголот, улут жоголсо мамлекет жоголот. Ошондуктан тилибиздин келечегине кам көрүп, мыйзам талаптарын күчөтүшүбүз зарыл», — деп кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар