20:37
USD 87.45
EUR 99.02
RUB 1.08

ЖК Аскат Сыдыковду Жогорку Соттун судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Аскат Сыдыковду Жогорку Соттун судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотушту.

Президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов кынтыксыздык талаптарын бузгандыгы үчүн Соттор кеңеши мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза колдонгонун билдирди.

Депутат Исхак Масалиев март айында Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев жергиликтүү соттордун акчасын чогултканы үчүн сөгүш алганын эске салды.

«Бул кынтыксыздыкка туура келеби? «Мага кат жүзүндө жооп бере аласызбы», — деди ал Алмасбек Абытовго. Ал макул болду.

Эң көп окулган жаңылыктар