15:48
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Беларус Кыргызстанды жаңы туристтик багыттардын бири катары карайт

Беларусь Кыргызстанды жаңы туристтик багыттардын бири катары кароодо. Бул тууралуу Беларустун туристтик уюмдарынын республикалык союзунун сайтында маалымдалды.

Белгиленгендей, ушул убакка чейин Кыргыз Республикасы өлкөнүн алдыңкы туроператорлорунун сунуш портфелине кирген эмес.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды
Бирикме белорустук туристтик бизнестин өкүлдөрү үчүн биздин республикага рекламалык жана тааныштыруу жолдомолорун даярдап жатат. Бул багыт буга чейин профессионалдардын кызыгуусун жараткан.

«Кыргызстандын жаратылышы Исландиянын, Швейцариянын жана Канаданын пейзаждары менен салыштырылган. Жергиликтүү пейзаждары суктандыруучу жана адамды таң калтырат. Ак карлуу чокулар, тоо дарыялары жана көлдөрү, каньондор, ири өсүмдүктөрү, жаңгак токойлору, капчыгайлар, байыркы мунаралар, «Аксакалдын сакалы» сыяктуу романтикалык аталыштагы шаркыратмалар туристтерди бир көргөндө эле тартып алат», — деп айтылат маалыматта.

Балким, Кыргыз Республикасынын эң белгилүү жери — бул дүйнөдөгү эң чоң жана тунук көлдөрдүн бири болгон легендарлуу Ысык-Көл. Суунун тазалыгы боюнча Байкалдан кийин экинчи орунда турат.

Эң көп окулган жаңылыктар