22:43
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Ош мэринен кийин Жалал-Абад шаар башчысы рейддерге чыгууда

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков «Жеңиш» эс алуу багын тиешелүү жетекчилер менен биргеликте кыдырып, аталган парктагы ижарачылар менен жеринде жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.

Калаа башчысы аталган парктагы аттракциондор 1980-1990-жылдары чыгарылгандыгын айтып, дээрлик баары талапка жооп бербей тургандыгын, коопсуздук эрежелери сакталбагандыгын белгилеп, бул боюнча тиешелүү мекемелердин чечими да бар экендигин кошумчалады.

Мындан сырткары, парктагы соода күркөлөрүндө санитардык нормалар да сакталбаганын белгилеп, аттракциондорду жана соода күркөлөрүн буздуруу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, аталган парктагы ижарачыларга башка парктарда заманбап, жаңы аттракциондорду орнотууга уруксат берилет. Ал эми «Жеңиш» паркы Мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен ишкерлер тарабынан 2,5 млн долларга толугу менен жаңыланып, ушул жылы эгемендүүлүк майрамында кайрадан пайдаланууга берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар