23:04
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Баңги кылмыштары үчүн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров «КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам 2025-жылдын 10-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты кылмыш-жаза мыйзамынын жоболорундагы коррупциялык факторлордун, тактап айтканда кызмат адамдары дискрециондук ыйгарым укуктарды мыйзам ченемдери катары ишке ашыруу жүрүмүндө коррупциялык укук бузууларды жасоого түрткү берүүчү шарттарга, мүмкүнчүлүктөргө бөгөт коюу болуп саналат.

Ошентип, мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодексине төмөндөгүлөрдү аныктаган өзгөртүүлөр каралган:

− сот тарабынан эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгү табылбаганда, өмүр бою эркиндигинен ажыратууну жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу;

− баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо менен байланышкан кылмыш жасоодо эскирүү мөөнөттөрүн колдонууга тыюу салуу;

− баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо үчүн соттолгон адамга жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну колдонууга тыюу салуу.

Эң көп окулган жаңылыктар