Кыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын январь-апрель айларында 89,8 миллиард сом чогултту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев жыйында билдирди.
Ал белгилегендей, план 6,4 миллиард сомго ашык аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 25,7 миллиард сомго көбөйгөн.
«Бул салыктык башкарууну санариптештирүү, бизнестин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана төлөм тартибин чыңдоо боюнча системалуу иштердин натыйжасы», — деди министрлер кабинетинин башчысы.