Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков «Элдик Банк» ААК жана «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААКсы менен «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү» мамлекеттик демилгесинин алкагында ишкер айымдарды жеңилдетилген насыялоо долбоорун ишке киргизүү тууралуу келишимге кол койду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Программа өлкөнүн аймактарындагы аялдардын бизнес демилгелерин туруктуу колдоого жана алардын каржылык ресурстарга жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган.
Долбоор Азия өнүктүрүү банкы аркылуу Япониянын жакырчылыкты кыскартуу фонду тарабынан каржыланууда. Каржылоонун көлөмү 40 млн сомду түзөт жана бул каражаттар грант түрүндө берилет.
Жеңилдетилген кредиттер Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары аймактарда иш алып барган аял‑ишкерлерге 12 пайыз жылдык ченден жогору эмес, 8 жылга чейин берилет.
Кол коюу аземинде министр Бакыт Сыдыков бул программа аялдар ишкерлигин өнүктүрүү жана колдоо боюнча мамлекеттик дагы бир маанилүү кадам экенин белгиледи.
Долбоордун шарттары министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.