19:01
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жардамчыларына 527 млн сом акча төлөндү

Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жеке жардамчыларына 527 миллион сомдон ашык акча төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-майына карата өлкөдө 14 805 адам жеке жардамчы кызматын көрсөтөт. Жалпы сумма 527 миллион 246 миң 336 сомду түздү (камсыздандыруу жана банктык чыгымдарды кошкондо).

Жалпысынан республика боюнча туруктуу жардамга муктаж 15125 майып каттоодо турат. Анын ичинен 9546сы 18 жашка чейинки балдар, 5579у бала кезинен биринчи топтогу майыптыгы бар чоңдор болуп саналат.

Салыштыруу үчүн, 2024-жылдын ушул мезгилине карата 14 миң 411 жардамчы жалпысынан 421 миллион 898 миң 878 сом төлөм алган. Ошол учурда муктаж болгондордун саны 14712 адамды (анын ичинде 9551 бала жана 5161 чоңдор) түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар