17:49
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Психиатриялык ооруканаларда тамак-ашка бөлүнгөн акча эки эсеге көбөйдү

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кайрылуусунан кийин психиатриялык ооруканалардагы бейтаптардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн акча эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, акыйкатчынын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери Республикалык психиатрия жана наркология борборунда жана Чым-Коргон айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын тамак-ашынын сапатына жана шарттарына мониторинг жүргүзүштү.

Анда бейтаптардын тамак-ашынын сапатынын начар экендиги аныкталган.

Алсак, Бишкек шаарындагы Республикалык психиатрия жана наркология борборунда 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашына 96,25 сом сарпталат.

Ал эми Чым-Коргон айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканада 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашына 65,70 сом бөлүнөт.

Бул каражат бейтаптарды пайдалуу, организмди керектүү заттар менен чыңдай турган тамактар менен камсыздоого жетпейт. Акыркы жылдардагы азык-түлүккө баанын өсүүсүнө карабай, бейтаптардын тамак-ашына бөлүнгөн каражаттын өлчөмү 2017-жылдан бери өзгөргөн эмес.

Өлкөнүн түштүк аймагында салыштырмалуу ушундай эле дарылоо мекемелеринде бейтаптардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн каражат жогору.

Мисалы, Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканасында бейтаптардын тамагына — 170 сом, Ош шаарындагы облустук психиатрия жана наркология борборунда — 250 сом, Жалал-Абад облустук психиатрия жана наркология борборунда 159 сом бөлүнөт.

Негизи бейтаптарга төрт маал, керектүү азык-заттар менен камсыз болгон тамак-аш берилиши шарт. Буга байланыштуу Жамиля Жаманбаева бейтаптардын тамактануусуна акчаны көбөйтүүнү сунуштап, министрлер кабинетинин төрагасына кат жолдогон.

Акыйкатчынын сунушунан кийин апрель айынан тарта Бишкектеги Республикалык психиатрия жана наркология борборунда 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашы 180 сомго, ал эми Чым-Коргондогу Республикалык психиатриялык ооруканадагы 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашына делген каражат 130 сомго чейин жогорулады.

Мындан тышкары, аталган ооруканалардын жетекчилери тартиптик жазага тартылды.

Акыйкатчы институту өз мандатына ылайык, бейтаптардын шарттары, тамак-аш, дарыланууга болгон укуктарын камсыздоо максатында мониторинг жүргүзүүнү уланта берерин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар