09:28
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Бишкектин Карагач токоюнун көлдөрүндө сууга түшүү сезону 1-июнда ачылат

Евгений Липкин
Фото Евгений Липкин. Комсомол көлү, 2024-жылдын августу
Карагач токоюнда сууга түшүү сезону 1-июндан тарта ачылат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Бишкектин Свердлов районунун акимчилигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата Пионер жана Комсомол көлдөрүндө сууга түшүү сезонунун ачылышы пландалууда.

Өткөн жылы көлдөрдө сууга түшүү сезону 30-июлда гана ачылып, шаар тургундары жана коноктору үчүн оюн-зоок программасы, концерттик программа даярдалган. Шаар мэриясы асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстарды жана Карагач токоюнун борбордук фонтанынын айланасындагы чыгармачылык зоналарды уюштурду.

Белгилей кетсек, көпкө созулган тыныгуудан кийин биринчи жолу Комсомол көлү тазаланып, 2024-жылдын июль айында кудуктан таза сууга толтурулган.

Эң көп окулган жаңылыктар