Анталияда кыргыз-түрк достугунун символу болгон «Манас» сейил багынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, парктын ачылышы кыргыз элинин бай тарыхый жана маданий мурасына терең урмат көрсөтүү, ошондой эле эки боордош элдин достук байланышын чыңдоо максатын көздөйт.
Салтанаттуу иш-чара Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу башында турган кыргыз делегациясынын Анталия шаарына болгон иш сапарынын алкагында өттү. Сапар Кепез муниципалитети менен боордоштук мамиле орнотуу максатында уюштурулган.
Мындан тышкары, парктын аймагына Кыргызстандын тарыхый жана маданий эстеликтеринин миниатюралары орнотулары пландалууда. Бул Анталиянын тургундарына жана конокторуна Кыргызстан менен жакындан таанышууга мүмкүндүк берет.