Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев 16-майда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 56-жыйынына катышты. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аймактык коопсуздукту камсыз кылуу,
Эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш,
Трансулуттук уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү,
КМШ өлкөлөрүнүн чалгындоо кызматтарынын кызматташтыгын чыңдоо.
Өзгөчө көңүл бир катар аймактардагы туруксуз кырдаалдын шартында террористтик жана экстремисттик уюмдардан келип чыгуучу коркунучтарга каршы биргелешкен чараларды көрүүгө бурулду.
Камчыбек Ташиев оперативдүү кызматташтыкты бекемдөө жана чалгындоо маалыматтарын алмашуу боюнча демилгелерди колдоорун айтып, коопсуздуктун салттуу да, жаңы да чакырыктарына каршы туруу үчүн жамааттык аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен иш-чаралардын планы бекитилип, КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чаралар макулдашылды.