03:07
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы тандалат

Бишкекте 14-майдан 19-майга чейин «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» кароо-сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Жылдын мыкты мугалими» сынагына 17 номинация боюнча 32 педагог, ал эми «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагына 4 номинация боюнча 14 педагог катышууда.

Бекитилген графикке ылайык, катышуучулардын кароосу жүргүзүлөт, анда үч тур белгиленет: өзүн-өзү презентациялоо, сабак, тестирлөө.

Сынактык калыстар курамында РККДИнын, КББАнын өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуучулары бар.

Белгилей кетсек, бардык номинациялар боюнча биринчи орунду алган мугалимдер мындан ары сынактын республикалык этабына катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар