Бишкек шаардык сотунун коллегиясы активист Рита Карасартованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызын канааттандырган жок. Арыз канааттандыруусуз калтырылып, Свердлов райондук сотунун чечими күчүндө калды.
Буга чейин Бишкектин Свердлов райондук соту укук коргоочу Рита Карасартованын камактагы мөөнөтүн бир айга — 12-июнга чейин узарткан.Эске салсак, 14-апрелде Рита Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Массалык башаламандыктар») 3-пункту («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») боюнча айып тагылганын жарыялаган.