Аралаш мушташ боюнча ирландиялык мушкер жана эки салмак категориясында UFCнин мурдагы чемпиону Конор Макгрегор кыз-келиндер арасында жеңил салмактагы UFC чемпиону Валентина Шевченко тууралуу айтып берди.

Конор Макгрегор Валентина Шевченкону тарыхтагы эң мыкты мушкер айым деп эсептейт.
«Валентина-Пуля Шевченко, чынында, бул планетадан эмес! Укмуш мушкер айым. Тарыхтагы эң мыкты — мен үчүн», — деп жазды ал социалдык тармактарга.
Эске салсак, Валентина Шевченко 12-майга караган түнү Монреалда (Канада) өткөн UFC 315 турниринин башкы беттешинде француз айымы Манон Фиорону бир добуштан жеңип алган.
Кыргызстандык жеңил салмак категориясында сегиз жеңишке ээ болду. Бардыгы болуп 25 жеңиш, төрт жеңилүү жана бир тең чыгуу бар.