Орусияда чет элдиктер бекер медициналык жардам ала башташат. Өкмөт аны берүү эрежелерин бекитти; Тиешелүү буйрукка премьер-министр Михаил Мишустин кол койду. Бул тууралуу расмий укуктук маалымат порталында жарыяланды.
Документке ылайык, бейтаптын өмүрүнө коркунуч туудурган капыстан катуу ооруп, абалы жана өнөкөт оорулары күчөгөн учурда чет элдиктерге бекер медициналык тез жардам көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, чет элдиктер ооруп калганда, кырсыкка учураганда, жаракат алганда, ууланганда жана башка медициналык шашылыш кийлигишүүнү талап кылган учурларда бекер жардам алышат. Көрсөтүлгөн кырдаалдарды кошпогондо, чет өлкөлүктөргө шашылыш жана пландуу медициналык жардам акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү, ыктыярдуу жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерге ылайык көрсөтүлөт.
Бул эреже 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет жана 2031-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө болот.
Эске сала кетсек, апрель айында Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө юридикалык статусу жок чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын Россия Федерациясында жүрүүсүн же андан чыгып кетүүсүн жөнгө салуу мөөнөтүн узарткан. Жаңы мөөнөт ушул жылдын 10-сентябрына чейин узартылды.