10:54
USD 87.45
EUR 102.01
RUB 1.08

Кыргызстанда тооктун жумурткасын импорттоого алты айга тыюу салынды

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-майынан баштап алты айга тооктун жумурткасын импорттоого тыюу салынды.Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Мындай чечим «өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүккө болгон базар баасын турукташтыруу максатында» кабыл алынган.

Ведомство ошондой эле 10-февралдан бери республикага коңшу өлкөлөрдөн алынып келинген жумуртка катталбаганын белгиледи.

«Тескерисинче, 2025-жылдын январь-март айларынын маалыматы боюнча Кыргызстандан коңшу Казакстанга 8 миллион 812 миң 800 даана жумуртка экспорттолсо, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу импорттун көлөмү 10 миллион 760 миң 760 даанага азайып, экспорттун көлөмү 8 миллион 706 даанага көбөйгөн», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда көйгөй негизинен ички рынокто чоң жана кичи канаттуулар фабрикаларынын ортосундагы атаандаштыкка жана ички жумуртка өндүрүүнүн өсүшүнө байланыштуу. Айыл чарба министрлиги дыйкандарга тоок эти менен иштөөнү сунуштайт.

«Жыл сайын өлкөгө 91 миң тоннадан ашык тоок эти кирип, бул жумурткага караганда этти кирешелүү багытка айландырат. Мындан тышкары, учурда айыл жеринде ар бир үй-бүлө 30-40тан тоок багышат. Бул дагы ички продуктуулуктун жогорулашына жана суроо-талаптын азайышына алып келет», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Айыл чарба министрлиги өлкөнүн ичинде бир аймактан экинчи аймакка товарлардын эркин өтүшүнө тыюу сала албасын моюнга алууда.

Эң көп окулган жаңылыктар