09:02
USD 87.45
EUR 99.02
RUB 1.08

Кыргызстанда «Марал» радиосу өз ишин токтотту

2012-жылдан бери иштеп келаткан «Марал» радиосу жабылды. Бул тууралуу журналист Бакыт Төрөгелди Фейсбук баракчасына жазды.

Ал жабылышынын себебин айткан жок. Азырынча радионун жетекчилигинин расмий билдирүүсү жок.

Посттун астындагы комментарийде автор сайттын жана социалдык түйүндөрдөгү баракчалардын үч айдан ашык убакыттан бери жаңыланбай жатканын, көптөгөн журналисттер башка маалымат каражаттарына жумушка орношуп кеткенин, «Марал» телеберүүсүн берип жаткан радио жыштык сатылып кеткендей сезилгенин түшүндүрдү.

«Жетекчилик расмий билдирүү жасай электиги соттук процесс бүтө электигин билдирсе керек. Бирок чындыгында Марал өз ишин токтотту», — деп жазган ал.

Эң көп окулган жаңылыктар