04:17
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Кызыл-Кыя шаарына Өзбекстандан 10 Isuzu HD-50 жүргүнчү ташуучу автобус келди

Кызыл-Кыя шаарына Өзбекстандан 10 Isuzu HD-50 жүргүнчү ташуучу автобус келди. Бул тууралуу Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду
Фото Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду

Шаардагы коомдук транспорт Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы менен түзүлгөн экинчи лизинг келишими боюнча өткөрүлүп берилди.

Бул автобустар Самаркандда чыгарылганы белгиленген. Алар эл аралык экологиялык талаптарга жооп берген кондиционерлер жана Евро-4 стандартындагы кыймылдаткычтар менен жабдылган жогорку сапаты, экологиялык тазалыгы жана ыңгайлуулугу менен айырмаланат.

Партиянын жалпы баасы 740 миң долларды түзөт.

Эске сала кетсек, 2023-жылы биринчи лизинг келишиминин алкагында фонд дагы шаарга он Isuzu HC-40 автобусун жана эки таштанды ташуучу унааны өткөрүп берген.

Эң көп окулган жаңылыктар