Чыңгыз Айтматов проспектисинде президенттин администрациясынын «Ынтымак ордо» имаратына жакын жайгашкан айрым турак жайлардын ээлерине Бишкектин башка аймагынан жер берип, көчүрүү сунушун киргизди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Шаар бийлиги үйдүн ээлерине Бишкектен азыр жашап жаткан жерине тете жер берилерин, кыймылсыз мүлкүн каттоодон өткөн атайын компаниялар баалап, базар баасында эсептелип, кенемте төлөнөрүн кошумчалады. Бирок сөз канча турак жай боюнча болуп жатканын тактаган жок.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев буга чейин Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүү ишинин алкагында Киргизия конушундагы 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгүн бузуу пландалып жатканын билдирген. Кийин алардын айрымдары буздурула баштаган.
Конуштун тургундары мэриянын аракетин мыйзамсыз деп баалап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдирип чыгышкан.
Мэрия Чыңгыз Айтматов проспектиндеги автоунаа жолун кеңейтип, алты тилкелүү трасса куруп, четине велосипед тепкендер үчүн өзүнчө жол жана тротуар салып жатат.