Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги борбор калаада социалдык маанидеги азык-түлүк жана эл керектөөчү товарлардын кеңири жарманкесин уюштурат.
Иш-чара 1-3-май аралыгында өтүп, шаар тургундарына жана конокторуна түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн дүң баада продукция сунушталат.
Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат. Иш-чаранын максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.
Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000.